Кыргызстанды шылдыңдаган түрк студенти окуудан чыгарылды!

Кыргызстанды шылдыңдаган түрк студенти окуудан чыгарылды!

“Манас» кыргыз-түрк университетинин студенти Өмер Йенер Жаңы Жыл алдында кыргыздарды шылдыңдаган видеосун Интернетке чыгарганы үчүн окуудан чыгарылганын аталган университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Чуу жараткан видео

Өмер Йенер «Манас» кыргыз-түрк университетинин теология факультетинин 1-курсунун студенти экен. Ал жаңы жыл алдында «Инстаграмдагы» баракчасына Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган сөздөрү менен видеотасма жарыялаган. Видеодо Өмер досу менен төмөндөгүдөй сөздөрдү айтышкан.

Өмер Йенер: — 6,5 миллион калкы бар өлкөдөн кеп болуп жатат — Кыргызстан. Баары бирден солют алган окшойт. Түркиядан да көрүп жатышат.
Досу: — Мен да ошону айтып жатам, келбегиле, жаман бир өлкө.

Өмер Йенер: — Бул жака такыр келбегиле! Алган билетиңерди кайтаргыла! Мындай бир өлкө жок (күлөт). Орустар менен кыргыздар аралаш, кимиси кыргыз, кимиси орус экени да белгисиз. Булар согушка да баралбайт.
Досу: — Албетте, баралбайт. 6 миллион калкы бар (каткырышат).

Экөөнүн ушул сөзүнөн кийин, Кыргызстандын жарандары ачууланып, аларды окуган жеринен тезинен чыгарып, өз өлкөсүнө чыгып кетүүсүн талап кылышкан! Элдин талабы аткарылып, алар окуудан чыкканы боюнча бүгүн кабарланды.

Жетекчилик эмне дейт?

Окуу жайдын жетекчилиги студент жарыялаган тасма окуу жайдын концепциясына туура келбесин, тасманын мазмуну студенттин жеке пикири экенин билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.