Казак жарандыгы бар, аты-жөнү өзгөргөн адам кантип депутат болгон?

Казак жарандыгы бар, аты-жөнү өзгөргөн адам кантип депутат болгон?

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тастыкталды. Бул тууралуу расмий катты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жөнөткөнү боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Депутаттын мандаты алынат

Буга чейин Борбордук шайлоо комитети: “Эгерде депутат Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин тастыктаган документ келсе, анда анын мандаты алынат”,- деген. Тастыкталды, демек, депутаттын мандаты алынат. Мыйзам боюнча, “Жогорку Кеңештин депутаты болом” дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга уруксат жок.

Байсалов баарын билет

Депутат Дамирбек Асылбек уулу аты-жөнүн, туулган жылын өзгөрткөнү тууралуу айтылып, жазылган. Коомдук ишмер Эдил Байсалов билдирүүсүндө, депутат 1981-жылкы эмес, 1979-жылкы, өзүнүн аты-жөнү — Динарбек Супатаев болгону, ал 2001-2004-жылдары Казакстанда таймаштарга катышып жүргөнү айтылат.  «2007-жылы Казакстанда мелдешке катышмак. Ал мелдешке 16 жашка толгондор гана катыша алмак, ошондон улам, ал жашын өзгөрткөн», — дейт Эдил мырза.

Эскерте кетсек

Дамирбек Асылбек уулу учурда Казакстанда камакта. Тагырагы, ал 17-февралда, Кыргызстандын дагы эки жараны Чыңгыз Абакиров, Уланбек Мурадилов менен Казакстанда шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү»), 264-беренеси («Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу») менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

Кечирип коюңуздар, башка өлкөнүн жарандыгын алган, аты-жөнү өзгөртүлгөн адам кантип, кандайча Жогорку Кеңешке депутат болуп келип калган? Өтө таңкалычтуу…

 Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.