Жээнбеков Атамбаевдей байыгысы келеби?

Жээнбеков Атамбаевдей байыгысы келеби?

Президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго койгон доо арызын бүгүн Жогорку сот карап, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Соттун чечимине ылайык,  Карабеков Жээнбековго 5 млн. сом төлөп бериши керек.

“Сот президентти угат, президент утат”

Доого жыгылган журналист Карабековдун айтымында, коллегиялык сот отуруму он мүнөткө да жеткен эмес. Алардын жүйөлөрүн эске алышпаптыр. “Жөнөкөй жаран менен президент соттошуп жатса, албетте, соттор президентти угат, президент утат да. Менин жазган макаламда жалгыз адамдын аты аталган эмес, «бир тууган Жээнбековдор» деп жалпы жазылган. Сооронбай Жээнбеков эмнеге өзүнө кабыл алып, арыз жазганы түшүнүксүз болуп турат. Андан тышкары, мен «чындап ушундай» деп да аныктама берген эмесмин. Мына ушуларды сот эске албай, 5 млн. сомго доого жыкты. Соттун мындай мамилеси коррупциялашканын далилдеп турат”,-дейт Кабай Карабеков.

Эскерте кетсек

Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласы (былтыр, 11-сентябрда) 24.kg сайтына жарык көргөн. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган «Социалдык реформалар коому» менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты» деп жазылган. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болчу. Анын шайлоо штабы бул макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп сотко кайрылган. Доочу макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Свердлов райондук соту аны канааттандырган. Райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Эми минтип, бүгүн Жогорку Сот күчүндө калтырып олтурат.

Жээнбеков 5 млн сомдон баш тартып койсо жакшы болмок…

Сооронбай Жээнбеков быйыл 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пул өндүрүү тууралуу доосунан баш тарткан. Бул жолу деле журналист Кабай Карабековго койгон айыл пул 5 млн сомдон баш тартып койсо жакшы болмок. Жөнөкөй, эч нерсеси жок журналист кайсы акчасын төлөп бермек эле? Анын үстүнө журналисттин үнүн, жүйөөсүн сот укпай койгону эмнени каңкуулайт? Баягы эле Атамбаев учурун элестетет. Эмне Жээнбеков Атамбаевдей байыгысы келип жатабы?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.