18 жылдан бери жардын түбүндө жашап жаткан үй-бүлө

18 жылдан бери жардын түбүндө жашап жаткан үй-бүлө

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагындагы жардын түбүндө, үңкүрдөй болгон үйдө 18 жылдан бери жашап жаткан Төлөн Мамарасуловдун үй-бүлөсүнүн маселеси Жалал-Абад облусундагы өкмөт өкүлчүлүгүндөгү жыйында жакында каралды. Өкмөт өкүлчүлүгүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков аларды башка аймакка которуу боюнча айыл өкмөтүнө тапшырмасын берди.

Жар түбүндө жашап жаткан үй-бүлө үчүн бул кооптуу экени, башка жерге көчүрүү зарылдыгы айтылып, айыл өкмөтү тарабынан түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жаткан кези.

Ал эми үй ээси ал жерде жашаганына өкүнбөйт.  18 жылдан бери денсоолугуна зыян келбегенин айткан. Ал жердеги үңкүрдөн табылган буюмдарды чогултуп, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен сандар түшүрүлгөн таштарды, жыгачтарды топтоп койгонун айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.