Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Мавляндын сотуна келиңиздер, азаматты коргоп калалы!”

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: “Мавляндын сотуна келиңиздер, азаматты коргоп калалы!”

Бүгүн, 3-апрелде, саат 14.00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков боюнча жараян уланат. Анда айыпталуучуга акыркы сөз берилип, чечим чыгарылат. Райондук соттун алдына Мавлянды колдоо акциясы болот. Келип, колдоп коюңуздар!

Мавлян маанилүү маселени козгогон…

Негизи Мавлян Аскарбеков туура маселе көтөргөн. Эсиңиздердеби, “Дача СУда” жабыр тарткандарга эл көп акча чогулткан.  Мавлян «Ошол элден чогулган акчаны жабыр тарткандар чындап эле өздөрү алдыбы же ортодон айыл өкмөттөрү же аким, же бийликтегилер жеп кеттиби?” деген суроону көтөрүп чыгып, бийликке “ким канча берди, ким канча алды, ошонун тизмесин ачык-айкын көрсөткүлө!” деген талапты койгон. Бийликтин талылуу жерине тийген маанилүү маселени көтөрүп жибергени үчүн ага кылмыш иши козголду. Себеби, ошондон көп өтпөй “бийликти басып алууга чакырык таштаган” деген айып менен УКМКда эки ай суралып жүрдү. Анан ал сурак сотко ашып, азыр Биринчи Май райондук сотто суралууда.

Жөн эле кылмыш иши козголгон

Ушул иш боюнча Мавлян Аскарбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси тагылып, “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” боюнча кылмыш иши козголгон. Аскербеков мындай айыпты четке кагып келет. Ал бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз берген, сот аны канааттандырган эмес. Сотторго ишеним болбой калды чыны. Туура эмес айып тагууда.

Айбек МЫРЗА: “Мавлянга бийлик саясий куугунтук кылууда”

Бул боюнча Айбек Мырза мындай дейт: “Дача Суудагы элдин кызыкчылыгын коргогон Мавлян мырзага бийлик саясий куугунтук кылууда. Ага козголгон кылмыш иши туура эмес. Тээ башынан бер эле айтып келатабыз. Сот эч нерсени эске албай, өз билгенин кылууда. Созулган соттун аягына бүгүн чекит коюлат, Мавлян Аскарбековго соттун чечими чыгат. Кайдыгер карабай, сотко келип колдоо көрсөтүүгө чакырам!”

“Мавляндан колуңарды тарткыла!”

Коомдук автивист Өндүрүш Токтонасыров агабыз да колдоого чакырат. “Сиз, эгерде чынчыл жана күйүмдүү, адамдын тагдырына кайдыгер карабаган жаран болсоңуз, анда сот процессине келиңиз. “Мавлянга карата козголгон жасалма ишти жокко чыгаргыла, андан колуңарды тарткыла!” дейли. Антпесек, эртең мени, же сизди жана да катардагы тим гана өз пикирин ачык айтканды кесе берүү адат бойдон кала берет. Андыктан, ага каршы туралы! Себеби, Мавлян ак. Сот Мавлян Аскарбековго асылбай, миллиондогон долларларды сугунуп аткан
суу куйдуларды жазаласа жакшы болмок. Мавлян алардай жемкор эмес, ал Адилеттүүлүктүн жаш жарчысы. Андыктан, Мавляндан колуңарды тарткыла! Урматтуу калкым, элим, Мавляндай азаматтарды коргойлу, колдойлу! Кайдыгер болбоңуздар, сотко келиңиздер!»,-дейт Өндүрүш мырза. Келиңиздер, колдоп бериңиздер!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.