Нариман ТҮЛЕЕВ: “КСДП таратып жаткан сүрөт жасалма”

Нариман ТҮЛЕЕВ: “КСДП таратып жаткан сүрөт жасалма”

Экс-депутат Нариман Түлеев КСДП партиясына жооп кайтарды. Ал “Атамбаевге жазган каты” деп КСДП таратып жаткан сүрөт жасалма экенин бүгүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Ток этер жерин айтканда: “Бул одоно фальсификация, мен бардык графологиялык экспертизадан өтүүгө даярмын. 2012-жылы камалганда Атамбаевге 4 жолу кат жазганым ырас. Бирок, андан кечирим сураган эмесмин. Атабыз да Атамбаевге кат жазган, себеби экөөнүн мамилеси бар эле. Атамдын катында прокуратура мыйзамсыз иш жасап жатканы боюнча жазылган. Каттардын баары ал кишинин колуна жеткенин да, реакциясы кандай болгонун да жакшы билем. Жакында айтып берем”.

КСДП: «Түлеев Атамбаевден кечирим сураган»

Буга чейин, бүгүн КСДПнын басма сөз кызматы Нариман Түлеев бир канча жолу Алмазбек Атамбаевге кат жазып, андан кечирим сураган деген маалымат таратышкан. Аталган партиянын маалымат кызматы Алмазбек Атамбаевдин атына жазылган каттын көчүрмөсүн журналисттерге жөнөтүшкөн. Анда төмөндөгүдөй жазылган.

Эскерте кетсек, Атамбаевдин бийлигинде Нариман Түлеевге “Мэр болуп турганда Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу машиналарды сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деген айып тагылып, 11 жылга  соттолгон. Анан ал 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.