Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Түндүк-түштүк маселесин көтөргөндөргө чара көрүлөт!»

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Түндүк-түштүк маселесин көтөргөндөргө чара көрүлөт!»

Мамлекеттик башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусундагы «КРнын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести. Ал эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна кечээ барган. Президент кечээ Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда “түндүк-түштүк” маселеси боюнча сөз козгоп, андай бузукуларга жол бербей, чара көрүлөрүн баса белгиледи. “Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. Аларды мен ичтен иритип, бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп эсептейм. Бул маселени көтөрүп, бөлүп жаткандарга сөзсүз түрдө чара көрүлөт! Мен эч качан элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөйм. Бул кызмат Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөндүктөн кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!”,-дейт Сооронбай Шарипович.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.