Атамбаев 6 жылдан бери бүтпөй турган мечитин бүтүрүп жатыптыр

Атамбаев 6 жылдан бери бүтпөй турган мечитин бүтүрүп жатыптыр

Бул тууралуу Аман Асанович (сүрөтү жок, “Мен кыргызмын” деген жазуу менен Манастын сүрөтүн коюп алып, Фейсбуктагы баракчасына дайыма Алмаз Атамбаевди Айга, Күнгө теңеп, мактап, жактап жазып жүрөт. Байкесин ашыра мактайм деп, айтылуу Исхак Раззаковго теңеп жазып жиберип, элдин таламына калган – авт.) Фейсбуктагы баракчасына: “Алмаз байкем мечит салдырып жатат. Аны жамандап жүргөндөр ошол мечитке жума намазга барып каласыңар, буйруса”,-деп жазып, сүрөт жайгаштырды. Ал каерде экени боюнча дарегин жазган эмес. Аны элдин баары эле билет. Бул мечит боюнча Атамбаев бийликте турганда өзү жарыялаган. Анын айтканы боюнча, 6-кичирайонундагы Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан. Ошол жерге 5 жыл мурун мечит курула баштаган, бүтпөй турган эле. Азыр Амандын байкеси бош калып, ошону бүтүрүүгө белсенсе керек! Аны “Атамбаев атындагы мечит” деп ысымын бердирпесе эле болду. Атамбаевден баарын күтсө болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.