Ыргал КАДЫРАЛИЕВА: “Депутат Сагындык Келдибаевдун кош жарандыгы бар” (ВИДЕО)

Ыргал КАДЫРАЛИЕВА: “Депутат Сагындык Келдибаевдун кош жарандыгы бар” (ВИДЕО)

Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева бүгүн журналисттердин жыйынында билдирди. Анын айтымында, «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар. Ы.Кадыралиеванын айткандарын бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Ал эми депутаттын айтымында…

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экенин, Орусиянын да жарандыгын алганын жазып чыгышкан. Өзү болсо аны четке кагып, «Азаттыкка» мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген.​

С.Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип,  ишке киришкен. Ал вице-премьер-министр болгон Алтынай Өмүрбекованын ордуна келген. БШК болсо А. Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын 24-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтотуп, С.Келдибаевге мандат берген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.