Бакыт СЕИТОВ: “Министрдин баласы аялын сабаган эмес!”

Бакыт СЕИТОВ: “Министрдин баласы аялын сабаган эмес!”

ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин уулу аялын сабаганы тууралуу көпчүлүк сайттарга басылып чыкты. Бул боюнча ИИМ өкүлүнө кайрылып, жооп алдык. Түшүнүктүү болуш үчүн алгач министрдин баласы боюнча жазылган маалыматты бердик.  

“Министрдин уулу аялын көгала кылып сабаган”

“ИИМ жетекчиси, генерал Кашкар Жунушалиевдин карачечекей уулу кордоочуга айланыптыр. Ал келинчегин көгала кылып сабаган. Жабыркаган келин милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бирок, кайын атасы милициянын анабашысы болгондуктан, ишти жаап-жашыруу аракети күч болууда. Чуулгандуу ишти элге жеткирбөө аракетин ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков колго алып, кызматкерлерине “маалымат эч жакка чыкпасын!” деп буйрукту катуу берип, көзөмөлдөөдө” деп жазылган маалыматты айрым сайттар жазып чыгышты.

“Бул жалган, карандай калп”

“Жогорудагы маалымат канчалык чындыкка дал келет?” деген суроо менен ИИМ басма сөз катчысы Бакыт Сеитовго кайрылып, мындай жооп алдык.

-Бул карандай калп. Министр Кашкар Жунушалиевдин уулу келинчегин сабаган эмес, ал таптатынакай эле жүрөт. Анткени мен экөөнө тең жолуктум. Керек болсо сиздер деле журналисттер жолугуп, сүрөткө тартып алсаңар болот. Болбогон ишке Сүйүн Өмүрзаковду да аралаштырып жазышыптыр. Мындай маалыматты кимдир бирөө жазып, министрдин аброюна шек келтирүү ниетте гана атайын айрым сайттарга таратууда. Себеби, көптөгөн сайттарга опокшош маалымат чыкты. Мындай жалган маалыматта ким таратып жатканы боюнча биз тергөө иштерин баштадык. Себеби, фактысы жок имиш кетирген адам мыйзам чегинде сөзсүз жоопко тартылышы керек!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.