Жылдыз МУСАБЕКОВА: “Билбей бардым” деген жигиттикке жатпайт, мен Матраимовдордун тоюна барганыма өкүнбөйм”

Жылдыз МУСАБЕКОВА: “Билбей бардым” деген жигиттикке жатпайт, мен Матраимовдордун тоюна барганыма өкүнбөйм”

Деп Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Марал» радиосуна берген маегинде айтыптыр. Эл өкүлү Матраимовдордун тоюна 4 жылдан бери барып жатканын да баса белгилептир. “Искендер Матраимов жыл сайын 1-9-май аралыгында элди чогултуп, чоң майрам өткөрөт. Мен барганыма өкүнгөн жокмун. Керек болсо, эртең мененки саат 9да “Фейсбуктун” түз эфиринен элге чыккам. Эмнеге барбашым керек, же Кара-Суунун эли эл эмеспи? Матраимовдордун тоюна 4 жылдан бери депутаттардын баары барат. «Билбей барып калдым, өкүнүп жатам» деген сөздөр жигиттикке жатпайт. Матраимовдордун тоюна согуштун ардагерлери да, шайыр апалар да барган”,-дейт Ж.Мусабекова.

Матраимовдордун тоюна кимдер барган?

Эскерте кетсек, Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндө өткөн спорттук мелдеш 9-май — Жеңиш күнүнө жана Матраимовдордун атасы Исмаилдин элесине арналган иш-чара өткөн. Ага вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Жанарбек Акаев, Мирлан Бакиров, Руслан Казакбаев, Канатбек Исаев, Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов сыяктуу жыйырма чакты депутат, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү Узарбек Жылкыбаев менен Кыянбек Сатыбалдиев жана мурунку депутат Акматбек Келдибеков катышкан. Алардын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап, сынга катуу кабылган. Сын-пикирден улам, айрым депутаттар депутат Жылдыз айым айткандай, «билбей калдым» деп актангандар да болгон…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.