Майрам ЖУСУПОВА, Аида Салянованын апасы: “Баламды өлтүрүшсө, эми минтип кызымды ак жерден камап коюшту” (ВИДЕО)

Майрам ЖУСУПОВА, Аида Салянованын апасы: “Баламды өлтүрүшсө, эми минтип кызымды ак жерден камап коюшту” (ВИДЕО)

Кечээ камакка алынган мурдагы баш прокурор Аида Салянованын иши боюнча баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралганы жатат. «Ата Мекен» партиясындагылар жана адвокаттары үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушат.

Имараттын алдында саясатчылар, коомдук ишмерлер, туугандары, журналисттер турат. Журналисттер ал жерде кабыргасы кайышып турган апасы Майрам Жусуповага кайрылышса, ал кызынын күнөөсү жок экенин айтып, президентке ишти терең иликтеп, адилет кароону суранды. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, оор кылмыш менен өмүр бою түрмөгө кесилген кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу Аида Салянованы кечээ, 3-июнда саат үчтө суракка алып, андан кийин, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган. Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.