Артыкбаев менен Атахановдун Атамбаевге каршы көрсөтмөсү анын акыбалын оорлотту…

Артыкбаев менен Атахановдун Атамбаевге каршы көрсөтмөсү анын акыбалын оорлотту…

Учурда абакта отурган мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу бүгүн (18-июнда) Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда айтылды.  Артыкбаевдин көрсөтмөсүнө таянсак, Атамбаев Бишкек ЖЭБге көмүр алып келүүгө тийиштиги бар жана ал «Прогресс компани» компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн. Артыкбаевдин мындай көрсөтмөсү эске алынып, “экс-президенттин оор кылмышка шектүү катары кароого негиз бар, укук коргоо органдары текшерүүгө болот” деген бүтүмгө келген депкомиссия  бүгүнкү чыгарган корутундусуна (корутунду боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот) жазды.

Ошондой эле, кечээ, 17-июнда депкомиссия чоң жыйын өткөрүп, ага укук коргоо кызматкерлери да катышкан. ИИМдин төргөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумабаев жыйынга катышып, ага Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча андагы бийликтин тиешеси барбы, жокпу деген суроо берилген. Анда ал тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министри Шамил Атаханов Батукаевди бошотууга Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бар экендигин, тапшырма берилгенин айтканын билдирген.

Шамиль Атаханов 14-майда эле Батукаевдин бошотулушу боюнча Атамбаевдин атын атабаганы менен кыйытып айткан. Аны бу ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.