НАРЫН: «Салянова үйүнө чыксын! Кызыбыз үчүн жаныбызды беребиз!» (ВИДЕО)

НАРЫН: «Салянова үйүнө чыксын! Кызыбыз үчүн жаныбызды беребиз!» (ВИДЕО)

Мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянова 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, дарыланып жаткан. Ага төмөнкүдөй диагноздор коюлган: кайталанып турган муундун калтыратма оорусу. Кардит. А-V сол стенозунун тешиги. Митралдык жана вертикалдык клапандын биринчи баскычтагы жетишсиздиги. Үч жакка ачылма капкактын экинчи деңгээлдеги жетишсиздиги. Перикардит. Өпкө-жүрөк кан тамыр оорусу. Жүрөк астмасы. Полиартралгия. Курч бронхит жана өнөкөт гастрит.

Ушунча оору менен дарыланып жаткан учурда, күтүүсүз жерден кайра абакка (29-июнда) алынып кетиши колдоочуларынын кыжырын кайнатты. Нарындыктар: “Кызыбыз үчүн жаныбызды беребиз! Миллиондогондорду жегендер сыртта, ак иштегендер абакта. Ушу кантип болсун?”,- деп, “үйгө чыгарууну” талап кылышууда. Ал төмөндө:

Социалдык тармактарда да Аида Жеңишбековнаны колдоп, чыгарууну талап кылгандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Биз мындан ары алардын ар биринин үнүн чыгарып турабыз. Аида Жеңишбековна үчүн биз дагы жаныбызды беребиз!

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.