ЧУКУЛ КАБАР: Бүгүн Аида Салянованын соту болот, келип, үн кошуңуз!

ЧУКУЛ КАБАР: Бүгүн Аида Салянованын соту болот, келип, үн кошуңуз!

Бүгүн, 5-июлда, № 1 тергөө абагында 5-июндан бери камакта кармалып жаткан мурдагы министр, мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат. Орозбеков –Москва көчөсүндө жайгашкан сотто, саат 10:00до башталат.

Аида Жеңишбековна 15-июнда ден соолугуна байланыштуу №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, дарыланып жатканда, ага төмөнкүдөй толтура диагноз коюлган: кайталанып турган муундун калтыратма оорусу. Кардит. А-V сол стенозунун тешиги. Митралдык жана вертикалдык клапандын биринчи баскычтагы жетишсиздиги. Үч жакка ачылма капкактын экинчи деңгээлдеги жетишсиздиги. Перикардит. Өпкө-жүрөк кан тамыр оорусу. Жүрөк астмасы.Полиартралгия. Курч бронхит жана өнөкөт гастрит.

Ушунча диагноз турса да, ооруканадан негедир кайра абакка 29-июнда которуп кетишкени баарыбызга түшүнүксүз болгон. Мынча оору менен суук жерде кармаганга болобу? Адвокаты Рабига Садыкова айтымында, өтө олуттуу диагноздор коюлган. Бул оорулар суук жерде жана стресстик абалда болгондо күчөйт экен. Муздак жерге кармоого болбойт. Адвокат ооруканага жаткырып, жакшылап дарылануу тууралуу өтүнүч катын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга жиберип, суранып эле келатат. Суранып атып жаткырып, дарыланып жатты эле… Бүгүнкү сотто ушул өтүнүчтү кайра эле айтат, аны сот эске алышы абзел!

Эскерте кетсек, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошошу тууралуу 3-июнда суракка чакырылып, 48 саатка камакка алынган. 5-июнда, Айт күнү (дем алышка карабай), Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырбай, 26-августка чейин камакта калтырып койгон. Адвокаттардын арызы менен мына бүгүн шаардык соту бөгөт чарасын караганы турат. Сот Салянованын жогоруда дарыгерлер койгон диагноздорун эске алып, оң чечим чыгарат деген ойдобуз.

Кечээ эле АКШ соту акыйкат сөзүн айтып, Саляновага жана анын үй-бүлөсүнө саясий куугунтук болуп жатканын баса белгилеген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Аида Жеңишбековнаны бошотууну адвокаты, укук коргоочулар, туугандары жана колдоочулары жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылып келишет. Нарындыктардын талабын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрүңүз.

Алыс жактагылар да мындай мамилеге кайдыгер карашкан жок. Москва жашап, иштеп жүргөн Бакыт Буудайчиевдин маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз.

Финляндияда жашап жаткан кесиптешибиз Асыран Айдаралиев сотторго ток этээн сөзүн айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот. Биздин да ток этээр айтчу сөзүбүз: Бошоткула!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.