“Солтон-Сары” маселеси Атамбаев менен Зилалиевге барып такалды…

“Солтон-Сары” маселеси Атамбаев менен Зилалиевге барып такалды…

“Солтон-Сарыда” кой-козулар кырылып жатканы тууралуу тартылган тасма 15-июлда социалдык тармактарга тараган. Ошол эле күнү жүзгө чукул эл Нарын облустук администрациясынын имаратына барып, агын суу булганып, жайыттагы мал жапырт кырылып жатканы тууралуу көйгөйүн айтып, кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан. Экотехинспекциясы суу менен топуракты текшерип, таза чыкканын билдирген. Алардын мындай билдирүүсү элге жакпай, нааразы болуп, кен чыккан жерди жабууну талап кылып келатышат.

БОРОНОВ: «Компаниянын ишинде мыйзам бузуулар бар»

Бүгүн, 25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыга барып, кытайлык компания куруп жаткан кен иштетүүчү комбинаттын курулушу менен таанышышты. Андан кийин эл менен жолугушту.  Эл менен болгон жолугушууда Солтон-Сары жайлоосунан алынган топурак, суу жана жайлоодон өлгөн малдын анализдеринин жыйынтыгы айтылды. Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумакановдун айтымында, жайлоодо өлгөн малдан уулануу белгиси аныкталган жок. Өлгөн койлордон ичеги-курт жана пастрилес ылаң чыгып, ал эмделбеген кой-эчкиге жукканын билдирди. Кубатбек Боронов: «Компаниянын ишинде бир катар мыйзам бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», – деди.

30-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган компания

«Кыргызалтын» ААК өндүрүш филиалдарынын бири — «Солтон-Сары» кени. Сөз болуп жаткан алтын комбинатты куруш үчүн “Jhong ji Mining” компаниясы 2012-жылы чалгындоо жана кен казуу үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензия алган жана жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Аталган кен иштеп баштаганда эле ага жакын (Эмгекчил, Миң-Булак) айыл тургундары зыян деп каршы чыгышкан.

Атамбаев премьер-министр болуп турганда башталган

Кен боюнча маселе бүгүн эле чыга калган жок. Ал 2011-жылы эле башталган. Ошол жылдын 26-августта Нарындагы Эмгекчил айылынын тургундары “Солтон-Сары” алтын кенин кытайлыктар иштетип жатканына нааразыланып, ишканадагы үч милиционерди жана кытайлык үч жумушчуну сабап салышкан. Ошол жаңжал боюнча, андагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев (29-августа) Нарынга барып, чыр-чатактын чоо-жайын угуп, милиция кызматкерлеринин жана кен иштеткен компаниянын жумушчуларына кол көтөрүү фактысын иликтеп, күнөөлүүлөр жазасыз калбаш керектигин эскерткен. Андагы жаратылыш ресурстары министри, Нарындын губернатору жана “Кыргызалтындын” жетекчиси кен иштеткен чет өлкөлүк компанияларга лицензия берүү жана кайра чакырып алуу жол-жоболору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирген. Элден да ал алтынды жогоруп коюп, инвесторлорду тартууну талап кылган. Мына, окурман, кайсы иш болбосун барып эле Атамбаевге такалып, анын кулагы чыгууда…

Эң көп лицензия берген Зилалиев

Атамбаевдин бул премьер болуп турганда кылганы. Президент болгондон кийин, өзүнүн эң жакын адамдарын таасирлүү, майлуу кызматтарга коюп алып, кылбаганды кылды да. Анын бири — Дүйшөнбек Зилалиев. Инвесторлорго эң көп (13 компанияга) лицензия берген ушул адам болуптур. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов да тастыктаган. «Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жана вице-премьер болуп турганда болгон лицензиянын үчтөн экиси бөлүштүрүлүп кеткен. Анын ичинде алтын, сууга берилген уруксаттар бар. Көмүр боюнча эле 333 лицензия берилген«, — деген И.Кадыркулов. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, уксаңыз болот.

Зилалиев ошол лицензиялар аркылуу аеосуз байыса керек да. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

ЗИЛАЛИЕВ: «Мурунку, азыркы президенттердин эрегишинен жөнөкөй кызматкерлер жабыркап жатат»

Дүйшөнбек Зилалиев учурда камакта. Ал камакка алынгандан бери эле президентке, коомчулукка адвокаттары аркылуу кайрылып жүрөт. Анын кайрылууларынын биринде мурунку, азыркы президенттердин эрегишинен жөнөкөй кызматкерлер жабыркап жатканын жазган. Бул билдирүүсүнөн кийин, лицензия берүүнүн башында Атамбаев тураарын тымызын билдирди деп түшүндүк. Анткени, ушул жаштардын колу менен Атамбаев көп иш кылганын жакшы эле билебиз. «Ушул кылгандарыбыз эч качан билинбейт, анткени, бийликке кайрадан өз кишибиз, досум Соке келди. Аны көмүскөдө башкара берем»,-деп ойлогон. Ошол ою ойрон болуп, анын коррупционерлери темир тор артында калды. Атамбаев кылган нерсени билдирип алат эмеспи. «С.Исаков менен К. Кулматов бизди камаганы жатат»,-деп мага келишкен»,-деп айткан. Алар эмнеге Атамбаевге чуркап барышты? Анткени аны күнөөлөп барышты да: «Сиз айтпадыңыз беле, эч нерсе билинбейт, досум Соке эч нерсе кылбайт. Мына ишенген досуңуз бизди камагына жатат, ага өзүңүз айтыңыз»,-деп айтышса керек да. Болбосо эмнеге барышат? «Жаштар отурбасын, алардын ордуна мен отурайын»,-деп Атамбаевдин айтканы бар. Кана, айткан сөзүнө турганы? «Буларды бошоткула, мен баарына буйрук бергем. Булар күнөөлүү эмес»,-деп барып, алардын ордуна отурбайбы…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.