Абылгазиев “жакын адамын” кызматтан алып, ордуна башканы коюп, жамаатка өзү тааныштырды…

Абылгазиев “жакын адамын” кызматтан алып, ордуна башканы коюп, жамаатка өзү тааныштырды…
СҮРӨТ: МСКнын сайтынан алынды.

Бүгүн, 22-июлда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абдыжапаровду кызматтан бошотуп, анын ордуна Кабыл Абдалиевди дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, салык кызматынын эмгек жамаатына жаңы жетекчини премьер-министр М.Абылгазиев өзү тааныштырган. Ал жаңы жетекчинин салык тармагында чоң тажрыйбасы бар экенин, 2012-жылы МСКда жетекчиси болуп кеткенин айткан. Ошондой Абылгазиев Абдалиевге МСКнын алдында турган милдеттерди баса белгилеп, салыктык башкаруу системасында башталган олуттуу реформаларды улантууну тапшырган.

Президент салыкты сындаган эле…

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков салык жыйноо боюнча иш чабал болуп жатканын айтып, сынга алган эле. Салыкты сындаганы “жетекчини алмаштыр” дегени да. Ошондон улам, М.Абылгазиев өзүнүн “жакын адамы” Теңизбек Абдыжапаровду айла жок кызматтан алды окшойт. Себеби, Т.Абдыжапаров экөө Социалдык фонддо көп жыл чогуу иштеп, көп иштерди жасашканы, премьер-министр болгондо МСКга жетекчиликке алып келгенин баары эле жакшы билет.

Кеңешчи болуп жүрүп жетекчи болгон, бирок бат эле кеткен Абдалиев

Ал эми жаңы жетекчи жөнүндө айта турган болсок, Абылгазиев айткандай, салык тармагында чоң тажрыйбасы бар, бирок жетекчилик жактан жок. Себеби, Кабыл Абдалиев МСКнын төрагасынын кеңешчиси болуп жүрүп, 2012-жылы анын ордун ээлеген. Бирок, бул кызматтан бат эле кеткен. Ошол жылдан 2016-жылга чейин МСКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгын жетектеген. Эмгек жолун салык системасында иштөөдөн менен баштаган. Ош облусунда МСИде инспектор, ага инспектор, бөлүмдүн начальниги, инспекциянын начальнигинин 1-орун басары болуп эмгектенген. 1998-жылдан 2011-жылга чейин бир катар салык органдарын башкарган, алсак, Жалал-Абад, Ош, Баткенде эмгектенген. Кийин СЖМКнын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгын, СЖМКнын Свердлов району боюнча башкармалыгынын жана Бишкек шаары боюнча башкармалыкты башкарган. Салык кызматынын отличниги, салык кызматынын I рангдагы кеңешчиси Кабыл Абдалиев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылында 1966-жылы 11-сентябрда туулган. Ал мектепти бүтүргөн соң, эки окуу жайды аяктаган, алгач Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумду, кийин КМУну бүтүргөн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.