Министрдин орун басарын Жолдубаева жолго салып коюптур го. Милиция Атамбаевдин өзүнө жолукса болбойт беле?

Министрдин орун басарын Жолдубаева жолго салып коюптур го. Милиция Атамбаевдин өзүнө жолукса болбойт беле?
Сүрөт: «Баракелдеден» алынды

Бүгүн, 22-июнда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, эмнеге суракка барбай жатканын жана үч жолу барбаса мыйзам жолун түшүндүрөйүн деп барыптыр. Атамбаевдин ордуна кеңешчиси Кундуз Жолдубаева чыгып, жооп берип, милицияларды жолго салып коюптур го…

Каниметов Жолдубаева үч жолу чакыруу жөнөткөндөрүн, үч жолу суракка барбаса, мажбурлап алынып кетээрин түшүндүргөн. Жолго чыккан Жолдубаева жөн калмак беле, чакыруу кагаздарын алгандарын тастыктап, Атамбаевдин суракка барбай жатканын адвокат  Слесаревдин айткандарын (адвокаттын айтымында, Атамбаевдин экс-президент макамы күчүндө, чакыруу кагазы мыйзамсыз – авт.) тыкылдап айтып, Каниметовду жана аны менен чогуу барган милицияларды жолго салып коюптур.

Күнөөсүз Салянова абакта, күнөөсү тоодой Атамбаев абада…

Уят! Мыйзам деген кайда? Башкаларды болсо баса калышат. Атамбаевге келгенде сыпайы, жоош, маданияттуу болуп калышат. Баарына бирдей мамиле кылгыла да. Мыйзамды сыйлабаган кишини мыйзам чегинде жоопко тарткыла да. Мисалы, мыйзамды сыйлап чакыруу алаары менен суракка барган Аида Салянованы баса калып эле камадыңар го. Анда да анын күнөөсү бар, жогун териштирбей туруп, 48 саатка камап, эки күндөн кийин сот чечим чыгара калды. Күнөөсүз адам абакта, күнөөсү тоодой адам абада… Кой-Таштагы таза аба менен дем алып, тайраңдап бийлеп жүрөт. Анткени анын ыйлаган баласы жок да. Салянованын болсо тырнактай кызы бар, ал апасын сагынып, сурап, куса болуп ыйлап жатат. Андай наристеге апасы кайда экенин кантип түшүндүрөсүң? Апасы да ооруп атат. Үй-бүлөнү сыздатпай, Атамбаевди камап, Салянованы чыгарбайсыңарбы. Анын аты аталып эле жатат го. Эң жакын адамы Атаханов айтты го. Мынча эмне Атамбаевди кармоодон коркуп жатасыңар? Ал дайыма эшигинин алдында чогулган колдоочуларына кечинде чыгып жатпайбы. Анын деле саатын билесиңер. А эмнеге ошол убакка барып, өзүнө жолуккан жоксуңар?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.