ВИДЕО: “Эч кимге чуркабайм, жүгүнбөйм” деген Атамбаев кайтып келип, мактанып жатат…

ВИДЕО: “Эч кимге чуркабайм, жүгүнбөйм” деген Атамбаев кайтып келип, мактанып жатат…

Кечээ Орусияга учуп кеткен Атамбаев Кыргызстанга кайтып келип, журналисттердин суроосуна жооп берип атат.  «Путин Россиянын президенти гана эмес, ал менин досум. Ал атайылап килтейген самолет жиберип, «келип кет!» деп, эки-үч жолу суранды, ошондуктан барып келдим. Ал киши «үчүнчү революция болуп кетпейби» деп кайгырып жатат. Аны видеодон укпадыңарбы? «Революцияны дайыма бийлик жасайт, бийлик даярдайт»,-дедим»,-дейт. «Назарбаев менен Бабановдун жолукканын сындадыңыз эле, ошо боюнча азыр кандай комментарий бересиз?»,-деген журналисттин суроосуна, «азыр президенттик шайлоо эмес, президенттикке талапкерлигимди койбойм. Анда экөө тең туура эмес эле кылган»,-деди.

Эки жыл мурун айткан сөзү…

Атамбаев бийликте отурганда, президенттик шайлоонун алдында, мындан эки жыл мурун жүгүнүү боюнча кайкырып кыйын сүйлөгөн. “Казакстандын карыган диктатору (Казакстандын андагы президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө сөз болууда — авт.) биздин ички саясатка “нагло” кийлигишип, өзүнүн мыйзамын, коррупциясын, кызыкчылыгын бизге таңуулап, “шестеркасын” (президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов жөнүндө сөз болууда. Ал шайлоонун алдында Н.Назарбаевге барып жолукпады беле- авт. )тактыга отургузганы жатат. Андайларга жол бербеш керек. Андайлардын орду – абак, түрмөгө отургузуш керек!,-деп кабакты бүркөп, орусча күпүлдөгөн эле. Анда эмесе, эки жыл мурун айткан сөзүнө абай салыңыз!

Аттиң, кана ошол сөзү? Өзү бир байкуш болуп кечээ Путинге чуркап барып жүгүнүп, арызданды го, чиркин. Дагы уялбай, “биз Кыргызстандагы кырдаал боюнча сүйлөштүк. Путин Жээнбеков менен сүйлөшөм”,-деди деп коет. Уят, намыс, бет деген барбы? “Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсөчү” деп кыргыздар бекер айткан эмес. Муну да түз кабыл алып, “менин өлүмүмдү тилеп” деп жүрбөсүн, кокуй! Илгери сөзүнө турбаган эркектерге намыстансын деп ушундай катуу сөз айткан деп жөнөкөй тил менен түшүндүрүп коелу. Өмүрүңүз узун болгур Алмаз Шаршенович, жоругуңуз жолдо калсын! Сиз үчүн биз уялып жатабыз.

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.