ИИМ: “Атамбаев адвокаты аркылуу кат менен жооп берсе болот”

ИИМ: “Атамбаев адвокаты аркылуу кат менен жооп берсе болот”

Мындай маалыматты 24.kg сайты жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, ИИМ Атамбаев суракка анын адвокаты Сергей Слесарев аркылуу кат аркылуу жооп бере берсе болот дептир.

Атамбаевге биринчи чакыруу барганда эле ал барбастыгын айткан. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ИИМ үч жолу чакыруу кагазын жиберип, суракка келтире албай коюшкан. Төртүнчү жолу ИИМдин орун басары барып үйүнө кире албай кеткен.

“Атамбаев Орусиядан келгенден кийин сөзсүз суракка келиши керек!”,-деген ИИМ, эми Атамбаевдин жооп жазган катын күтөт экен. Күлкүң эле келет. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Адил Турдукулов да Фейсбуктагы баракчасына: «Биздин ИИМ ушундай баео, ой жүгүртүүсү жок»,-деп жазып, боорун тырмап каткырган быйтыкчаны койду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.