АК-САЙ: “Чыныгы эл президентке жолуккан жок, үнүбүз жетпей калды” (ВИДЕО)

АК-САЙ: “Чыныгы эл президентке жолуккан жок, үнүбүз жетпей калды” (ВИДЕО)

ЖЭЭНБЕКОВ: «Чагымчылдардын аракеттерине алдырбоого чакырам»

Бүгүн, 26-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда С.Жээнбеков: «Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм. Баарынан маанилүүсү — сиздерди провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого чакырам. Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар. Элибиз байыртадан кең пейил, меймандос эл. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө умтулушубуз керек. Чыр-чатактын кайсынысы болбосун — зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу. Баардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн — тынчтыкты сактообуз зарыл», — деди. Ошондой эле президент кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.

Карапайым элдин үнү жетпей, талаптары айтылбай калганын Ак-Сай айылынын айрым тургундары «Азаттыкка» билдиришкен. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүп, угуңуз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.