Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелердин арыздарын угуп, мектеп жетекчилерине, коомдук бирикмелер менен фонддорго акчалай каражаттарды чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.
“Кечээ, 30-сентябрда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу чыгып, анда ата-энелер коомдорунан арыздар түшүп, биз билим берүү уюмдарында, ошондой эле коомдук бирикмелер менен фонддордо каражат чогултуу мыйзамсыз экенин түшүндүргөн иш-чараларды өткөрүшүбүздү тапшырган. Ал буйрукка ылайык, акчалай каражат чогултууга тыюу салынат” — деди С.Мейрманова.
1-октябрда, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын жыйынында мектептерде ата-энелерден акчалай каражаттар чогултулуп жатканы кайрадан козголду. Дал ушул маселе боюнча, эртең, 2-октябрда Ак үйдүн алдына ата-энелер чогулуп, мектептеги коррупцияга каршы акциясын өткөргөнү турушат. Бул тууралуу Замира Мамбетова билдирди.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы