Бир жаштагы наристе Ак-Суу райондук ооруканасына 10-январдын түнүндө жеткирилип, 11-январда чарчап калган. Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Эркин Урманаев «Азаттыкка» билдирген. Ал эми Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мирлан Акуновдун айтымында, наристенин денесин кароо учурунда далысында жана төш жагында көгала тактар болгон. Ошондон улам, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Иликтөөдө наристенин атасы жарым жыл мурда каза болгондон кийин, апасы Түркияга иштегени кетип, кичинекей кыз таята, таенесинин колунда калганы аныкталган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы