Коронавирус тууралуу социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат тараткан үч жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, коронавирус жана карантин режими тууралуу провокациялык материалдарды социалдык тармактарга тараткан 1989-жылы туулган Т.у.Ч., 1986-жылы туулган А.Т.А. жана 1998-жылы туулган Ж.Т.М. кармалган. Алардын мындай иш-аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар элден кечирим сурашкан.
Ошондой эле УКМК жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын катуу эскертти.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы