Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 8-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын санын брифингде айтып жатып, негизинен жаман илдетти сырттан алып келгендер болгонун баса белгилеп айтты.
“Негизинен коронавирусту сырттан алып келгендер: умрага барып, Москва, Пакистандан келгендер. Түштүккө даваатка келгендердин арасында Нарын облусундагы Ат-Башыдан эки адам катталган”,-дейт С.Абдикаримов.
Министрдин бүгүнкү маалыматын толугу менен төмөндөгү «Азаттыктын» видеосунан көрө аласыздар:
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы