Бишкек шаарындагы Ала-Арча суусуна 30 жаштагы эркек кулап түшүп, куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 8-апрелде, саат 14:34тө Биринчи Май районундагы Медеров жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жердеги Ала-Арча суусуна 1990-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Жабыркаган адамды куткарууга ӨКМнин куткаруучулары барып, суудан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Анын абалы орто.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы