Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Каракол шаарында коронавирус эки адамга жуккан. Аларга 22-мартта Кыргызстанга Индиядан даваттан учуп келген 30 жаштагы киши жуктурган. Вирус 2015-жылы төрөлгөн кызы менен 2009-жылы төрөлгөн балдызына жуккан.
Мадамин Каратаевдин буга чейин билдирүүсүнө караганда, коронавирус дагы 38 адамдан табылып, жалпы саны 377ге жеткен.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы