Элмирбек Иманалиевдин “дос”, “сырдаштары” жайнап чыга келгенине кыжырданган күйөө баласы катуу сөз айтты…

Элмирбек Иманалиевдин “дос”, “сырдаштары” жайнап чыга келгенине кыжырданган күйөө баласы катуу сөз айтты…

Маркум Элмирбек Иманалиевдин тун кызы Айзуура Иманалиеванын жолдошу, күйөө баласы, журналист Мирзат Муканов атасынын арбагын сыйлап, өйдө-төмөн сөздү токтотуп, тынч коюну суранып, “достор”, “сырдаштар” жайнап чыга калганына нааразы болуп, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

«Ѳлүмдѳн да бакыт издешет, Ѳлгүр, «ѳкүмат» болуп кѳнгѳндѳр…»

Мирзат Муканов: “Тилди тишке катып, унчукпай отуруу болбойт экен. Ар ким ар нерсени айтып жатат. «Атаңды тез жардам менен ооруканага алып кетти» дегенден тарта түбѳлүк жайына жайгашуусуна чейин жанында жүргѳн адам катары, күйѳѳ баласы катары менин деле пикир айтууга акым бардыр?..

Дегеним, «антпей коюшуптур, минтип коюшуптур» деген сыяктуу кептер эч нерсеге татыбайт! Түшүнүктүү, «Кулак укса курсак кайнайт» болуп жатышы мүмкүн. Бирок, ошол сыяктуу сѳздѳр бир тыйынчалык пайда алып келээрине кыпындай эле ишеним болсо, үч уктаса түшкѳ кирбеген чоң жоопкерчиликти моюнума алып, сѳѳктү алып кетүүгѳ ѳз колум менен арыз жазып бербес элем. Албетте, ал иштин бардыгы атамдын БИР ТУУГАНДАРЫ, ЖАКЫНДАРЫ менен кеңешилип, макулдашылып ишке ашты.
Биздин ѳтүнүч, эми ѳйдѳ-тѳмѳн сѳздѳрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу! Чын эле атам үчүн күйүп-бышкандар – багыштап куран окуйлу. Куттуу ай келип олтурат. Ошол учурда ѳтүп кеткен киши тууралуу ар кандай кептер айтылышы орундуу болбостур. Ѳзүн ЖМК санагандар ал маалыматтарды таратуу менен абийир таппастыр.
Талаш жок, жакын санаалаштары аз эмес эле. Атамды урматтаган адамдары кѳп болгон үчүн, аза күткѳн жакындарына куурай башын сындыртпай, зыйнатын уюштуруп беришти. Тыюуга карабай, жанын оозуна тиштеп, топурак салууга келгендер кѳп болду, жалпы журту түп кѳтѳрүлѳ аза күттү. Бирок, биздин баамыбызда, Элмирбек Иманалиевдин атын ѳз кызыкчылыгына пайдаланып калууну кѳздѳгѳн «достор», «сырдаштары» жайнап чыга келди. Аларга атамдын эки сап ыры менен гана жооп берүү орундуу деп эсептейм:

“Ѳлүмдѳн да бакыт издешет,
Ѳлгүр, «ѳкүмат» болуп кѳнгѳндѳр” деп жазган.

Карачы, кандай гана күчтүү сөз! Сөздүн күчүн, түпкүрүн түшүнгөндөр ушундан кийин кеп кылууну токтотушар. Бүгүн ыйык Рамазан айы башталды. Келгиле, алп акыныбыздын арбагын сыйлап, куран гана окуп туралы!

Эске сала кетсек, Кыргыз эл артисти, ырчы, обончу, дастанчы, манасчы, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде каза болуп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө 22-апрелде коюлду.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.