Салт-санааны жакшы билген, жоктоо дартын терең түшүнүп, менин абалыма кирген Асел жеңем кара чечекей кайниси Эрнистен ажырап калганына кабыргасы кайышып, көзүнө жаш тегеренип эскерип берди…
— Эки гений ага-ининин өмүрү кыска болуп калат деп ким ойлоптур?! Мелис 47, Эрнис 49 жашында кете берди. Көздөрү тирүү болгондо быйыл Мелис 58, Эрнис 50 жашка чыкмак экен. 13-июнда Эрнистин 50 жылдыгын, эки жылдан кийин Мелистин 60 жылдыгын белгилегенде жакшы болбойт беле?..
Мен аларды… биринен бирин бөлүп эстей да албайм, эскере да албайм. Жакындыктары да бир башкача, окшоштуктары да көп эле. Экөөнүн тагдыры аябай эле окшош болду… Экөө тең ооруканадан жүрөгү кармап, бир заматта эле кете беришти…
Эрнис болсо, мүнөзү өзгөчө болчу. Ажырашып биздин үйдө жашап калганда кулк-мүнөзүн жакындан жакшы билдим. Колунан китеп, оозунан чоң апасы түшчү эмес эстесем. Орундуу сүйлөчү, маданияттуу, ыймандуу, кичипейил, эч кимге жамандыгы жок эле, оор басырыктуу, ошол эле учурда тамашакөй да болчу. Ошол тамашакөйлүгү, дүйнө таанымы, акыл көрөңгөсү, келбет-турпаты жагынан Мелиске окшош эле. Экөөнүн сүйлөшкөнү дүйнөлүк адабият, философия болчу. Бирок Мелис «Эрнис менден да таланттуу, акылдуу» деп көп айтчу, иниси менен сыймыктанчу. Жалгыз жүргөнүнө капаланчу. “Жаныңа жакшы жар тап, үйлөн, жалгыз жүрбө! Жактырганың болсо, ачык эле айт, дароо үйлөнтүп салам. Үкөм, аял да, үй да, машина да издей бер, мен дайым даярмын. Кайсы кызга көзүң түшсө эле айт, куданын алдына кулдук уруп барып, кыздын колун сурайм” деп көп айтчу эле… Эрнистин кайрадан турмуш курганын көргөндө, абдан кубанмак. Агасынын ордуна мен сүйүндүм эле, тилегин аткарды деп… 50гө жетпей агасынын артынан кетип калганына күйүндүм. Ажалга айла жок экен да… Эрнис агасын арманда кылып жүрдү… А чынында арман кыла тургандай агасы бар эле да… Эми арманда кылып өзү жок, агасынын артынан кете берди… Эрнистин Мелисти өксүк кылары гезитке жазган эскерүүлөрүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн билинип турчу. “Атам да, агам да Мелис байкем болчу” деп жазганы бар го. Эрнистин акыл-көрөңгөсү көптөрдөн алдыга кетип калганын, Эрнистей адамдар көрөңгөлүү жазуудан гана ырахат алаарын Мелис терең түшүнчү. Эрниске эч нерсенин кереги жок болчу, байлык, бийлик, кызмат дегенди жек көрчү.
Эрнис мыкты котормочу, мыкты акын, мыкты журналист болчу. Мелис да бир учурда: ““Баягы Асабаны” кайра чыгарам, баягыдай эле Эрнис оң колум болот, редактор кылам, материалдарды кызыл-ала кылып оңдоп, кыскарткан жагынан Эрнис кыйын. “Асабада” Эрнистин эмгеги чоң болгон” деп тилек кылды эле. Бирок ал максат аткарылбай калды. Аны Эрнис аткарды, 2013-жылы «Баягы Асабаны» чыгарды, мыкты редакторлугун көрсөттү, ага баарыбыз эле күбө болдук. 1-санынын 1-бетине “Атабыздын “Асабасы” көтөрүлдү” деп Адам менен Миэлланын сүрөтүн коюп чыгарганы эсибизде. Балдарды жакшы көрчү. Адам менен Миэлла да атасына окшоштуруп Эрниске жакын болушту. Бир гана анын көз айнегинен корко беришчү. Адамчик төрөлгөндө сүйүнүп толтура ыр жазганын, ал ырлары да жөнөкөй саптардан куралбаганын да билем…
Адамчигим, аман бол!
(Мелис уулу Адамдын туулган күнүнө арнап)
«Бөбөктай, Адамчигим, Алеш Петрович!
Түшүнбөйсүң азырынча бул ырымды.
Ай-Күндүн алмашканын карачы бир…
Айтайын сага жалгыз бир сырымды.
Эки жаш – эки тамчы, эки ирмем,
Ээликкен дүйнө менен дүйнөсүң сен.
Шамал да сүйүнгөндөй түр калтырат,
Шанаңдап чуркап өтсөң көчө менен.
Ыйласаң ыйың балдай, ыйың – ыйык,
Ый эмес, ыр сыяктуу угулгандай.
А күлкүң кыткылыктап булак сындуу,
Ааламдын өзү сага кубулгандай.
А бирок анын баары сырткы келбет,
Апаңдын мээримине батып турган.
Бир учур аңтарылгыр жашоо келет,
Кудайдын ыйык сырын катып турган.
«Кудай ким?» деген собол жанды эзип,
Куушура мыкчып турган мезгил келет.
Курандын кучагында турса дүйнө,
Куураган жүрөк дайым элеп-желеп, элеп-желеп…
Күчүгүм, тээ алмустак кезегинде,
Күн менен Түн бир чулу болгон экен.
Күүсүн чертип Периште Жараткандын,
Күн менен Ай бир чулу толгон экен.
Бактарда булбул сайрап, күкүк сайрап,
Бакыттын кушу учуп көк асманда.
Эки жандык жашаптыр айры буттуу,
Эркелишип Теңирге көк астында.
Ошондо… Оомал-төкмөл дүйнө келип,
Обо Эне, Адам Ата жаңылган дейт.
Жаманды, жакшыны да тааный билип,
Жараткандын каарына кабылган дейт.
Асманда күн тутулуп, ай тутулуп,
Аңгырап аалам жашын төккөн имиш.
Жашоонун түбөлүктүү сыры болуп,
Жарык Нур тоо таянып, чөккөн имиш.
Ошондо… Калтырап дыржылаңач денелери…
Бир алма топ деп жерге бийик шактан.
Кудайдын каары менен куулган дейт,
Адам Ата, Обо Эне Бейиш Бактан…
Андан бери акты суулар, кылымдар,
Андан бери аалам канча силкинди?!
Башын байлап канжыгага кайдагы,
Баарына кас келе жатат бир Жинди.
Ал дүйнөнү, дүйнө аны башкарып,
Адамзатка зор кылтагын салыптыр.
Кыяматты күткөн пенде жок болуп,
Кылчайнашкан күчтөр гана калыптыр.
Өмүр менен Өлүм турат тирешип,
Өктөм мезгил өчөт, күйөт, жалдырайт.
Көкүрөккө чоктой болгон муз тоңуп,
Көөдөнүңдө Жалгыз Чындык калтырайт.
От-жалынды көздөй агат адамзат,
Оттой ысыйт ал Чындыктын денеси.
Кандай суулар кайсы жерге агылып,
Кайда токтойт Нух пайгамбар кемеси?..
Кечир, күчүк, Адамчигим, бөбөктай,
Келжиредим сен түшүнбөс нерсени.
Жаратканым Жарык сага тартуулар,
Жаңы рухту, денсоолукту берсе эми…
Анан, анан, анандыгын далилдеп,
Анан Чындык ачылсын бир барк улап.
Ажат ажар Еваңды ээрчитип,
Бейиш Бакка кирип баргын жаркырап.
Жароокердүү акылыңа сүйүнүп,
Жаратканым тосуп алсын өзүңдү!
Эки жашар Адамчигим аман бол! –
Эйниш байкең» — деп бүтүрөм сөзүмдү…
Эрнис АСЕК уулу
13-июль, 2007-жыл
P.S. Бул ырды Эрнис Адамчик эки жашка чыкканда жазыптыр. “Менин туулган күнүм 13-июнь, Адамчиктики 13-июль, Миэлланыкы 13-август. Мен 50 жашка, Адамчик 15 жашка, Миэлла 12 жашка чыгат. Адамчик атасынан 6 жашында калды. Эми эс тартты, Адамчигим бул ырымды эми түшүнөөр. Туулган күнүндө белек берип, ушул 2 жашка чыкканда жазган ырымды окуп берем” деген эле байым. Эх, Эрнисим, Эрнисим, ошол тилегиңе жетпей кеттиң…