ЖК депутаты Канатбек Исаев «Азаттыкка» интервью берип, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн айтып, мыйзам бузууларды санап берген. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүӊүз.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы премьер-министрликке жалгыз талапкер Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн. Ага депутаттардын жарымы келип, бир добуштан премьер-министрликке Садыр Жапаровду бекитип беришкен.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы