Бүгүн, 16-октябрда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» деген макамга ээ болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкта: «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат» деп жазылган. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен. Мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, бүгүн, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазды.
Белгилей кетсек, экс-президент макамына эки президент ээ болду: Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков. Алмазбек Атамбаевден мындай макамды парламент алып койгон эле…
Айтмакчы, экс-президент Сооронбай Шарипович туптуура бир айдан кийин, 16-ноябрда, 62 жашка чыгат…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
2 thoughts on “Жапаров Жээнбековго «экс-президент» макамын берди”