Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Бийликтин «Кумтөргө» байланыштуу чечкиндүү кадамын колдойм, коргойм»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Бийликтин «Кумтөргө» байланыштуу чечкиндүү кадамын колдойм, коргойм»

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Кумтөр» иши боюнча пикирин «Азаттыкка» билдирди.

«Кумтөрдө» акча гана эмес, кеп улуттук ар-намыс, кадыр-барк жөнүндө болуп жатат. Жеке компания келип алып кыргыз мамлекетин, президентин, өкмөтүн 20 жыл жетеледи. Мындан кийин дагы жетелеп жүрө береби же бир күнү токтот деп айта алабызбы? Бүгүнкү бийликтин мага жакпаган жери көп, бирок Кумтөргө байланыштуу чечкиндүү кадамга барып, улутташтырууга карай багыт алганын колдойм жана коргойм«, — деп билдирген Өмүрбек Чиркешович.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштете баштады. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат. Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, «Кумтөр» алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми «Центерра Голд» 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

«Кумтөр ишине» байланыштуу суракка чакырылган аткаминерлер…

Белгилей кетсек, УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы, азыркы бир нече аткаминерге айып коюп, суракка чакырууда. Кечээ, 31-майда, Жогорку Кеңеш депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакырылып, эки айга камакка алынса, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка камалган. Мурдагы өкмөт башчылары Темир Сариев менен Игорь Чудинов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров да бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан…

Анан депутат Рыскелди Момбеков да чакырылды…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.