Сабыр Жапаровдун атын жамынып акча талап кылган шылуундар кармалды

Сабыр Жапаровдун атын жамынып акча талап кылган шылуундар кармалды

УКМК президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун атын жамынып ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-июнда, А.М.Б, Б.У.М аттуу эки адам кармалган. Аларга  “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, бирөөсү УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кармалгандар М.Т.А. аттуу жарандын Казакстанда кармалып турган контейнерлерин чыгарып берүүнү убадалап, алдап 1 млн. 250 миң доллар алууга аракет кылышкан.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсү…

Буга чейин президенттин маалымат кызматы өзүн президенттин жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып жеке кызыкчылыктарын көздөгөндөр болуп жатканын билдиришкен. Президенттин админстрациясы президент Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жеке маселелерин чечүү максатта кысым көрсөткөн учурлар болсо, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.