Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Ташиев Чоң-Алайга шашылыш жөнөп кетти

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Ташиев Чоң-Алайга шашылыш жөнөп кетти

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга шашылыш учуп кеткени маалым болду.

Расмий маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев менен кошо Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев кеткен.  Министрлер кабинетинин айтымында, Тажикстан аскерлери такталбаган чек ара тилкелери боюнча сүйлөшүүлөрдү бузган. Алар Кыргызстандын аймагына 1000 метрдей кирип келип, такталбаган Унжу-Булак чек ара тилкесине контейнер коюп коюшкан.

Чек ара кызматынын таңкы саат 5теги маалыматына караганда, түнкү саат 3тө Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалып, ошол жерге тажик аскерлери, автомашиналар жана брондолгон жеңил техника топтоло баштаганы байкалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.