ВИДЕО — АЙДООЧУЛАР: «Эртеӊ 15 сом менен чыгалы! Эл менен бир ай, эки ай кырылышабызбы, көндүрөбүз!» Көнөсүӊөрбү?

ВИДЕО — АЙДООЧУЛАР: «Эртеӊ 15 сом менен чыгалы! Эл менен бир ай, эки ай кырылышабызбы, көндүрөбүз!» Көнөсүӊөрбү?

Жол кирени көтөрүүнү талап кылып иш таштап элди коркутуп жаткан айдоочулардын айрымдарынын Ватсап аркылуу ич ара жашыруун сүйлөшүшкөндөрү бүгүн, 6-июнда,  социалдык тармактарга тарады. Анда бир жигиттин сөзүнүн түрүнө карасак,  башкаларды: «10 сом деп башкалар чыкканга даяр болуп калышыптыр, а биз акырына чейин отура берип уят болбой, абалдан достойно чыгып кетүү үчүн…, …эртеӊ саат 6да маршруткага 15 сом деп жазып 100 пайыз ишке чыгып кетели. Мындан башка вариант жок. Эл менен бир ай кырылышабызбы, эки ай кырылышабызбы, көндүрөбүз. Маршруттук таксибиз да, он сомуӊуз — жол киреӊиз, 5 сом — посадка деп айтабыз» деп үгүттөп жатканын угууга болот.

Айтмакчы, ошол сүйлөшүлгөн сөздөрдүн арасында камактагы саясатчылар Бабанов, Зулпукаров, Жээнбековдун аттары да аталып, алардын кишилери «жыйналып келип бергиле, ызы-чуу кылып бергиле, төлөп беребиз, жагдай-акыбал өзгөрүп кетсе, 15 эле эмес, андан дагы жогорулатып беребиз» сындуу «сунуштар» менен чыгышканын саймедиреген айдоочулар, «саясатка аралашпай тим бололу» деп акыл айткандар болгон. Ал айдоочулар чын айттыбы же калп айттыбы, ким билсин, кызыгы, ошол сүйлөшүүлөрдүн чыгып кеткени болуп жатат. Максат, айрым айдоочулардын ниет-жүзүн ачуу беле же кошумча максат бар беле дейсиӊ.

Эске сала кетсек, 2-июндан бери, Бишкектин бардык каттамындагы маршруткалардын айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап калкты капа кылып жатышкан… Айдоочулардын талабын бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.