ИИМ: «Депутаттыкка талапкер С.П. шайлоочуларга 5000 сом бергени аныкталып, камалды»

ИИМ: «Депутаттыкка талапкер С.П. шайлоочуларга 5000 сом бергени аныкталып, камалды»
Шайлоо учурунда добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюлуп, мыйзамга ылайык ыкчам чаралар көрүлөт. ИИМ бардык жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.
Алардын айтымында, ИИМ шайлоочулардын добуштарын сатып алууну аныктоо боюнча керектүү ыкчам иштерди жүргүзүп, ал эми жарандарга добуштарды сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти. Бардык мыйзам бузууларга токтоосуз аракеттерди көрүү тапшырмасы коюлду. Милиция добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол бербейт.
7-июлда Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын бири шайлоочулардын добуштарын сатып алып жаткан факты аныкталды. Бул факт 192-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө, Ош шаарындагы Төлөнов көчөсүнөн жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин талапкеринин өкүлү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатканы аныкталып,  Т.Г. аттуу жаран кармалып, 5 000 сом жана төрт шайлоо алдындагы календарь табылып алынды. Андан сырткары, штабда тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук, уюлдук телефон, үгүтчүлөрдүн тизмеси, штабка жакын жерде жайгашкан дүкөндө орнотулган камеранын видеосу алынды.
Депутаттыкка талапкер С.П. шайлоочуга, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 5000 сом бергени үчүн ал кечээ, 8-июлда Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.