Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 12-июлда, Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ой, ким бул ой?

Таалатбек Масадыков тууралуу учкай айта кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан, коомдук ишмер, дипломат, эл аралык байланыштар, өзгөчө Жакынкы Чыгыш боюнча мыкты адис. 60 жашта, 1961-жылы Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1984-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, 1984-1986-жылдары СССР Коргоо министрлигине караштуу Москвадагы аскердик институтта окутуучу болгон. 1987-жылы Ооганстанда котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген. 1988–1991-жылдары
Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун Иран филологиясы кафедрасында кандидаттык диссертациясын жактаган.

2000-жылы Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырган. Эки жылдан кийин Бириккен улуттар уюмунун Саясий маселелер боюнча департаментине чакырылып, 12 жыл Ооганстан, Пакистан, Иран өлкөлөрү боюнча иш алып барган. Ортодо Кыргызстанга кайтып келип, коомдук иштер менен алектенген. Кечээ жакында Кыргызстанга биротоло кайтып келип, келээр менен кызматтуу болду.

Айтмакчы, Таалатбек Шамудинович, тастыктоолор боюнча, 6 тилде эркин сүйлөйт жана буга чейинки эл аралык ишмердигинде конфликттик кырдаалдарда сүйлөшүүлөргө катышкан тажрыйбасы эми Кыргызстандын кызыкчылыгына багытталчудай…

Жооптуу ишине ийгилик каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.