УКМК: «Бабанов ден соолугуна байланыштуу бошотулду»

УКМК: «Бабанов ден соолугуна байланыштуу бошотулду»

Бүгүн, 27-июлда, Биринчи май райондук соту «Кумтөр иши» боюнча камалган Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөргөн. Дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында бошотулган ал эми чет өлкөдө дарыланат…

Эске сала кетсек,  УКМК Бабановду 31-майда «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга айыптап камакка алган. Тергөө жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген фактылар табылганын билдиришкен. 2-июнда Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.