Судьялар арасында футбол уюштурулуп, баш байгени Ош облустук соту утуп алды

Судьялар арасында футбол уюштурулуп, баш байгени Ош облустук соту утуп алды

Судьялар арасында кичи футбол боюнча мелдеш 11-12-сентябрда болуп өттү. Жогорку сот уюштурган иш-чарага Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, турнирге жети облустун жана Бишкек шаардык сотунун курама командалары, жалпысынан 8 команда катышкан.

Турнирди Бакирова ачып, спорт адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн гана жакшыртпастан анын кулк-мүнөзүнө дагы пайдалуу таасирин тийгизе тургандыгын билдирген.

Сотто көп учурда адамдын тагдырына байланышкан, дегеле анын келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алууга туура келет. Ал чечимдер Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат. Бүтүндөй өлкөнүн атынан чечим кабыл алуу милдети жүктөлгөн кызматкер өзүн коомго үлгү боло тургандай алып жүрүүгө милдеттүү. Бийик талаптар кесиптик даярдыгына эле эмес, ден соолугуна, кулк мүнөзүнө да коюлушу шарт. Ошондуктан биз сот тутумунда спортко дагы жетишээрлик көңүл бурушубуз керек. Ушуга окшогон спорттук иш- чаралар спорттун башка түрдөрү боюнча да өткөрүлсө деген ойдомун. Келечекте Сиздер менен биргеликте ал иштерди дагы аткарабыз. Анткени спорт бизди ынтымакка, биримдикке чакырат”,- деди Н.Бакирова. 

Жыйынтыгында, Жогорку сотунун төрайымынын кубогу мыкты деп табылган 3 командага (кубок, грамота, акчалай сыйлыктар) тапшырылды.

1-орунду жана турнирдин өтмө кубогу менен Ош облустук соту;

2-орунду Талас облустук соту;

3-орунду Баткен облустук сотунун командасы ээледи.

Мындан сырткары, “мыкты дарбазачы”, “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчулар» грамота, акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Кийинки турнирди Бишкек шаардык соту уюштурмай болду.

Белгилей кетүүчү жагдай, турнир алгач 2018-жылы уюштурулган. Биринчи турнирди Ысык-Көл облусунун судьялары өткөрсө, экинчи турнирди 2019-жылы Чүй облусунун судьялары уюштурушкан. Өткөн турнирдин чемпиондук наамын Баткен облусунун судьялары алышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.