ВИДЕО — Таксистти бетке муштаган прокурор кызматынан четтетилди

ВИДЕО — Таксистти бетке муштаган прокурор кызматынан четтетилди

Мындан бир жума мурун жүргүнчү таксистти бетке муштап жиберген видео социалдык тармактарга тарап, коомчулук реакция кылып, кызуу талкуулашкан.

Бул окуя кайсы жерде болгонун, «прокурормун» деп атырылган жигиттин мас абалында болгонун, анын кызматтан алынганын, кылык-жоругу жүргүнчүнүн машинасына орнотулган камерага тартылып калганын Фонтанка ру” жазып чыкты.

Алардын айтымында, анын аты-жөнү Санал Насонов, ал Москванын Черемушкинск райондор аралык прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы болгон. Ал таксистти жол эрежелерин сактаганы үчүн кордогон. Айдоочу токтоого тыюу салынгандыктан, прокурор бара турган жеринен 30 метр алыстыкта токтогонун жүргүнчүлөргө эскерткен. Ага болбой кардарлардын бири (Насонов) аны ашата сөгүп, бетине муштап жиберген. Таксист милицияга арыз менен кайрылган.

Насонов таксисттердин ассоциациясы менен байланышып, таксисттен кечирим суроого аракет кылганда, алар эл алдында кечирим суроону сунушташкан. Прокурор андан баш тарткан.

Москванын прокуратурасы видеону көрүп чыгып, Санал Насоновдун жоругу «жалпы прокурорлордун ар -намысына шек келтирди» деген жүйөө менен кызматтан четтеткен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.