Сүйүн Курманова «Коркунучтуу, кыйраткыч вирусту» жарыялады

Сүйүн Курманова «Коркунучтуу, кыйраткыч вирусту» жарыялады
Белгилүү журналист Сүйүн Курманова бүгүн, 21-сентябрда «Кыйраткыч вирус» аталышта дагы бир адамдын чындыгын жазды. Ал биз кадырлап, сыйлаган, сүйүктүү актрисабыз, Кыргыз эл артисти Шайгүл Алсеитова. Эл артистине капысынан жолугуп, маектешкенин жазган. Аны төмөндөн окуңуздар:
Капыстан эле Шайгүл эжеге (Кыргыз эл артисти Шайгүл Алсеитовага) жолугуп калдым. Демейде койкоюп, Клеопартранын басыгы менен басчу эженин маанайы суз, көңүлү чөгүңкү экен.
Дароо эле каран калган таажы вирус ойго кылт этти.
— Эже сизге эмне болгон, ошондон оолаксызбы деги? десем эжем «ай, андан алда канча коркунучтуу, тирүүлөй өлтүрүп койчу вируска кабылбадымбы! деп » жарылып кетти.
Экөөбүз жол боюндагы отургучка кайрылдык. Ичине ыза толуп, жарылчудай болуп турган экен, шыр кетти.
— Интернеттен көргөн жоксуңбу, биздин атыбыздан бирөө Президентке кайрылып, » паланча түкүнчө митинг уюштурганы жатат, ошолорду токтотуңуз» деп кайрылыптыр.
— Ия айланайын, менин ишим эмне? Жетимишке таяп калдым, деги эле өмүрүмдө саясатка аралашып көргөн жан эмесмин, саясатчылардын эч кимиси менен мамилем жок, мисалы, Жылдыз Жолдошеваны телевизордон эле көрбөсөм жакын жерден жолуккан эмеспиз. Башкасын айтпай эле коеюн. Же тааныбасам же жолукпасам анан алардын эмне кылганы жатканын кайдан билмек элем? «Момундай кылганы жатабыз» деп мага айтып коюшмак беле?
— Аларды тааныбасаңыз катты жазган кишини тааныйсыз да?
— Ой, Сонунбүбү Кадырова деген менен деле мамилем жок, сыртыбыздан эле билчүбүз. Бир жолу «сиз Мекен, туулган жер, кыргыз эли тууралуу аябай жакшы cүйлөйсүз, сиздин ой-пикириңиз жагат» деп телефондон айткан.
Андан башка…
Деги эле чыгармачылык менен алектенген адамдардын ой-санаасы саясаттан алыс, түйшүгү түмөн болот. Ырас, мен жараткан каармандар Каныкей апабыз, Айчүрөк, Клеопартра деле эл, жер деген мекенчил, бийик образдар. Бирок алиги каттагы нерселер таптакыр менин табиятыма туура келбей турган жагдайлар. Ушунча болуп бирөөнү каралап жогору жакка кайрылган жан эмесмин. Мени жакшы билгендер, коллективдегилер да таң калып,»эмне болуп атасың?, Сенин мындайың жок эле, эмне болду? деп таң калып жатышат.
Катты жазган автор силерден «телефондон макулдук алгам» деп жатпайбы?
— Дагы бир жолу айтайын, эч кандай макулдук берген эмесмин. Эмне деп жазганын көргөн жокмун. Санап чыккан адамдардын бирин да тааныбайм. Алар менен менин ишим эмне, менин жумушум такыр башка да! Эмнеге мени кошуп койгонуна өзүмдүн да акылым жетпей жатат. Интернет менен деле ишим жок эле, «соц тармакка чыгып, уу-дуу болуп жатат» деп башкалардан уктум. Ошондон бери кыжалат болуп уйкум качты, кекиртектен тамак өтпөй калды. Аттары аталган кишилерди тааныбайм деп атпаймынбы, таанысам ар бирине түшүндүрүп, күнөөм жок экенин , биздин атыбызды сатып, абийрибизге доо кетириришкенин айтат элем.
Кылбаган кылыкка жооптуу болуп, ошондон бери тынчым кетти. Жүрөгүм сыгылып, кадимкидей ооруп калдым.
— Каттын авторуна кайрылган жоксузбу?
— Кайрылмак тургай «мен сени сотко берем, элдин алдында кечирим сурашың керек» деп уруштум. «Эже, кичине кое турсаңыз, мен теледен чыгып сүйлөгөнү жатам, каттын биринчи бетин өзгөртүп коюптур» деп түшүндүрүмүш этти. Көрсө ага биздин пикирибиз эмес, атак-наамыбыз зарыл болгон экен, кийин уксам илим менен маданияттын бир топ белгилүү кызматкерлери да мен сыяктуу «пайдаланууда » болушуптур.
— Эми эмне кылайын деп жатасыз?
— Күтүп жатам, элдин алдына чыгып, «мен бул адамдардын наам-даражасын жамынып, кат жазгам, кечиргиле » деген кадамын күтүп жатам. Же катын өзгөртүп коюшканын далилдеши керек. Болбосо кадыр-баркка шек келтирип, саясий шылуундук кылганы үчүн укуктук жоопкерчиликке тартылат да.
Мындайга жол берилбеши керек, минтип отуруп адамды өлтүрүп койсо да болот да. Бул — бардык вирустан да коркунучтуу!
Сүйүн КУРМАНОВА

Сонунбү КАДЫРОВА: «Телефон аркылуу макулдашуу болгон, бирок…»

Эске сала кетсек, аттуу-баштуу маданият ишмерлери кол коюлган президентке кайрылуу 14-сентябрда интернетте тарап, бир топ саясатчылар суракка алынып, камалгандары да болду.  Ал тоголок катта: » бир топ саясатчылар 17-сентбярда 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деп жатат. Аларга чара көрүңүз” деген таризде жазылган.

Ал каттын эртеси эле, 15-сентябрда Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев, Канатбек Исаев. Жылдыз Жолдошева ИИМде суракка чакырылган. Булардын сурагы чуу жараткандан кийин, көп өтпөй каттын автору ырчы Сонунбү Кадырова болуп чыккан. Бирок, ал танган эмес, «Азаттыкка» мындай деп билдирген: “Мен коллегаларыма телефон чалып, ушундай кайрылуу жасабайлыбы дегем. Кат 1,5 барак болгон. Маданият кызматкерлеринин макулдугун телефон аркылуу сурагам. Аларга катты окуп берген эмесмин. Катка алар кол койгон эмес. Бир гана өзүм кол койгом. Өзүм демилге көтөргөм. Президент Жапаровдун атына кат жазбайлыбы десем макул болушкан. “Телефон аркылуу макулдугу алынды” деп жазылып турат тиги жерде”,-деп билдирген.

Ал эми катта аты аталгандардын айрымдары «митингге каршыбыз» деп гана пикир айтканбыз, бирок, ал катка кол койбогонун билдиришкен. Сотко беребиз дегендер да болууда. Бул катты жарыялаган киши жакында билинеби, жокпу, аны бир Кудай билет. Күтө туралы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.