Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Бүгүн Бабырдын бакылдаган добушу, сөзү жетпей тургансыйт…»

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Бүгүн Бабырдын бакылдаган добушу, сөзү жетпей тургансыйт…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков 30-сентябрда эскерилет.

Аттин, көзү тирүү болгондо 70 жашын белгилемек экенбиз…

Жазуучулар союзунун мүчөсү, драматург Бурул Калчабаева  «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй эскерүү калтырды:

Манасчылардай апыртып айтканда: «Алдына салса акжолтой, Артыңда жүрсө сан колдой» көрүнүп, эл ичинде, коомдо калдайган карааны бар саясатчы, журналист болчу Бабырбек.
Арал менен Чеч-Дөбөгө, Акбай менен Бабырга тууган, ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болчу Бабырбек…
«Баркырак төөнүн бары ийги» — демекчи, анын кайпактабай, башын катпай өз учурунда айткан калыс сөзү элге дем болчу.
Азыр ойлосом, күжүлдөп күндөп-түндөп иштеген тегирмендей жашаптыр. Саясаттын, турмуштун, журналистиканын барасын бирдей айлантып, бир жагына улпагын, бир жагына унун чыгарып, элге колунан келишинче так, калыс маалымат берүүгө аракетин аябаптыр.
Ушу бүгүн Бабырдын бакылдаган добушу, сөзү жетпей тургансыйт…
Баары кыйын, «жак» дегенин бербеген чаар баш калемгерлердин башын бириктирип, бир нукка салып, гезит чыгарып, суусап турган коомго учурунда маалымат жеткирип туруунун өзү эле эрдик.
Жараткан өлчөгөн өмүрдү жашады. Өмүрдү саз жашады.
Өзү өлсө да, иши өлбөптүр Бабырдын. Артында «Устатыбыз» деп урматтаган, журналистикада өз позициясы, үнү, сөзү бар уул-кыздарыбызга акыйкаттык, чындык үчүн күрөшүүнүн, калыс сөздөн тайбаган, тайманбастыктын үрөнүн сээп кетиптир…
Мына ушуга каниет…
Очогунан түтүн булап, уул-кыздары очор-бачар болуп турат… Мына ушуга каниет.
Көзү өткөн адамды билген, тааныган адам барда, ал адам — өлбөйт. Биздин эскерүүбүздө, сөзүбүздө жашайт.
Арбагы ыраазы болсун…
Бурул КАЛЧАБАЕВА

Аралдын ардактуу уулу

Жээнбеков Бабырбек Субанович Талас облусундагы Манас районуна караштуу Арал айылында 1951-жылы 1-сентябрда туулган. 1968-жылы мектепти аяктаган. КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Кесиби — юрист. Эмгек жолу Талас облусунун Киров районундагы мектептен баштаган. Прокуратурада, милицияда тергөөчү болуп эмгектенген. Көп жылдар боюу адвокат болуп иштеген. «Алиби» гезитинин негиздөөчүсү. 2008-жылы  Жаныш Бакиевдин баласы Асылбек Салиев «Алиби» гезитин сотко берип, 1 миллион сомдон айыппул салдырган. Натыйжада «Алиби» жабылып, ордуна «Ачык саясат», «Назар» гезиттери чыга баштаган.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө боюнча агенттикти 2013-жылы жетектеген.
Узак оорудан улам 2019-жылы 68 жашында каза болгон.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.