Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Фроловдун арааны, Гуревичтин карааны»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Фроловдун арааны, Гуревичтин карааны»
Белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболот кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. 
Фроловдун арааны, Гуревичтин карааны
— Эмнегедир Улуттук банктын акчасына жеке компания жеткилик берүү баягы Бакиевдин тушунда өкмөттүн акчасын ЦАРИИге башкарткан схемага аябай окшошуп турат. Балким жаңылып жаткандырмын. Бирок азыркы заманда эч нерсеге ишенич жок.
Акча жүгүртүү боюнча системаларды өркүндөтүү экен дейли десек, Кыргызстанда бул боюнча ансыз деле акчаны жүгүртүүнүн электрондук системалары кыйла жакшы өнүккөн. Ал эми акча алмаштыруу саясаты ал тургай бир топ өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн да кыйла либералдуу. Демек максат башкада сыяктанат.
Кыргыз бийлигинин буга чейинки тажрыйбасын карап көрсөк, кыңыр иш башталаарда эле Маевский, Гуревич сыяктуу Кудайдан жөө качып жер түгөткөн немелерге күнү түшүп калчу эле. Фроловго деле Орусиянын укук коргоо органдарынын дооматы бир топ экен.
Бир жылдын ичинде мамлекеттик мүлк объектилерин жеке менчикке чыгаруу боюнча пландар, иштеп жаткан «Мегакомду» сатыкка чыгарууга уруксат берген чечим жана башка жагдайлар бийлик адамдарында бир жыл ичинде чукул жасала турган иштер турганын айгинелейт. Алардын түпкү максаты кеңири коомчулукка белгисиз.
Андыктан бул боюнча:
а) көз каранды эмес адистер квалификациялуу ойлорун айтышы;
б) президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Владимир Фролов менен жолугушкан-жолугушпаганын, жолугушса эмне кеп болгонун тактап бериши;
в) олуттуу жана биринчи иретте жоопкерчилик тарта турган өнөктөш катары килейген Министрлер кабинети өз позициясын билдириши зарыл.

Фролов деген ким?

Эске сала кетсек, Улуттук банкты 7 жылдан бери жетектеп келген Толкунбек Абдыгулов ага эч кандай басым-кысым жасалбаганын, өз арызы менен кызматтан кетип жатканын кечээ парламенттен билдирген. Кызматтан кетүү арызын 62 депутат колдоп, 2 депутат каршы чыккан. Анын ордуна Абдыгуловдун орун басары болуп иштеген Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталып, бекитилген.
Улуттук банктын жетекчиcин алмаштырууда бир сыр жатканын айрым депутаттар айтып чыккан. Ага тиешеси бар деп ысымы аталып жаткан орусиялык банкир Владимир Фролов. Ал бүгүн президент Садыр Жапаровго жолукканы айтылды.  Фролов деген ким? Бул тууралуу «Азаттык» факты менен бериптир. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.