ВИДЕО — Ош мамлекеттик университетинде элчи Ибрагим Жунусовдун 60 жылдыгы белгиленип, ырлары ырдалды

ВИДЕО — Ош мамлекеттик университетинде элчи Ибрагим Жунусовдун 60 жылдыгы белгиленип, ырлары ырдалды

Кыргыз эл артисти, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун катышуусунда, Ош мамлекеттик университетинде кечээ, 6-октябрда, анын 60 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.

Элчиликтин маалыматына караганда, иш-чарага Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков катышып, куттукташкан.  Алар Ибрагим Жунусовдун маданиятка, искусствонун өнүгүшүнө кошкон чоң салымын баса белгилеп, дипломатиялык иштердеги жетишкендиктерин айтты. Ошондой эле алар анын Түркия Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен кызматташтыгын чыңдоодогу жемиштүү ишин белгилеп, келечектеги ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Элчи Ибрагим Жунусов ыраазычылык билдирди.

ОшМУнун студенттеринин чыгармачылыкка жана дипломатиялык ишмердүүлүккө байланышкан суроолоруна жооп берди. Аягында Ибрагим Жунусовдун ырлары ырдалган концерт болуп өттү.

Ибрагим Жунусовдун баскан жолу

Жунусов Ибрагим Кожоназарович 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетиндеги музыка факультетин 1983-жылы бүтүргөн. Бактысын ырдан тапкан. 200дөн ашык ырдын автору. Ырларынын көбү популярдуу. 90-жылдары “Эламан” аттуу ыры Өзбекстан жана Казакстанда өзгөчө популярдуу болуп, Эламан (өзүнүн уулунун аты да ушундай) деген ысымдуу балдардын саны көбөйгөн. «Алтын апа» аттуу ыры Кыргызстандын бардык аймагында, коңшу мамлекеттерде ырдалган. Борбор Азиянын жана Индиянын эл аралык фестивалдарына катышкан. Түркияда, Германияда, Голландияда жеке концертин берген.

Эмгек жолу Жалал-Абад педагогикалык окуу жайдын окутуучусунан башталган. Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу, Искусство факультетинин деканы, Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору болгон. Саясатка  2007 —жылы аралашкан. Ошол жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат болуп, Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетин жетектеген.  2010-жылы Мамлекеттик маданият агенттигинин директору болгон. Ошол эле жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп, кийин Социалдык маселелер боюнча КР вице-премьер-министри болуп бир жыл иштеген. 2011-жылдан 2013-жылга чейин Маданият жана туризм министри болгон. 2014-жылы Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. Учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси. Кыргыз, орус, түрк, өзбек тилдерин билет. Үй-бүлөлүү.

Олжодон келген оомат

«Талантты карызга бербейт эч ким колго, талант — бул Жараткандан алган олжо» деп улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын айткандай, Ибрагим Кожоназаровичке Жараткандан берилген олжо. Олжо оомат алып келди. Жашоодо барчылыкта да, жокчулукту да көрдү, бирок, барга көөп, жокко чөккөн жок. Кайсы бир интервьюсунда: “Оозуңдан чыкканга чейин сөз сенин кулуң, оозуңдан чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” – деген жакшы макал бар. Мен айткан сөзүмдү аткарганга да, аны артка кайтарып албаганга да аракет кылам»,- деп айтканы бар. Айтканындай эле сөзгө бек, айтканын аткарган адамгерчиликтүү, жөнөкөй, маданиятка, мамлекетке зор салымын кошкон инсан.

Ибрагим Кожоназаровичтин 60 жылдык мааракесинде айтылган сөздүн баары кабыл болсун. Жаман иш алыс болсун! Кудай жаштан айтып, узак өмүр сүрүңүз!

Нази БАЯН кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.