Бардык олимпиаданы чагылдырган спорт журналисти Кабыл Макешов 60 жашка чыкты

Бардык олимпиаданы чагылдырган спорт журналисти Кабыл Макешов 60 жашка чыкты
Белгилүү журналист Элнура Кулуева спорт журналисти Кабыл Макешов баскан жолуна отчет берип жатканы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.
Спорт журналисти Кабыл Макешов бүгүн баскан жолуна отчет берип жаткан учуру. Бүт олимпиаданы чагылдырган журналист катары кыргыз эли билет.. Бүт өмүрүн спорт журналистикасына арнады. Канчалаган китептерди жазды. Сыймыктанам… 60 жаш кутман курак кут болсун!
Кабыл Макешов кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны жазып, «Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы» аттуу түстүү, 37 басма табак көлөмдөгү китеби 2011-жылдын этегинде жарыялады.
2012-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын тарыхын, байге алган олимпиадачылар, Азия оюндар тууралуу кеңири баяндалган «Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда» деген 27 басма табак көлөмүндөгү түстүү китеби жарык көрдү.
2014-жылы сентябрь айында англис жана кыргыз тилдериде «Азия Олимпиадалык Кенеши: Азия оюндарынын тарыхы» аттуу түстүү, 35 басма табак көлөмдөгү китеби жарык көрдү.
2015-жылы май айында Кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны толуктап жазып, «Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы» аттуу түстүү, 56 басма табак көлөмдөгү китебинин экинчи басылышы чыкты.
2015-жылдын сентябрь айында » Кыргыз Республикасы: Грек-рим күрөшү: түстүү, 18 басма табак көлөмдөгү китеби «Турар» басманканасынан басылып чыкты.
2017-жылы «Абакир — азыркынын Кошойу» деген китеби «Улуу Тоолор» басмасынан жарык көргөн.
2017-жылы «Динамо-сила в движении и единстве» толук түстүү китеби «Турар» басмасынан чыккан.
2020-жылы «Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу» деген толук түстүү китеби «Турар» басмасынан жарык көрдү.
2020-жылы «Кыргыз Республикасынын олимпиада жылдыздары» аттуу толук түстүү китеби «Турар» басмасынан чыкты.
2021-жылы «Дүйнөнү дүңгүрөткөн дзюдо» деген толук түстүү китеби «Турар» басмасынан жарык көрдү.
Кесиптешибиздин куттуктоосуна биз дагы кошулабыз. Кабыл байке, 60 жаш кут болсун! Ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.