Мамасадыков чыр окуяга Ташиевдин тиешеси жана тууганчылыгы жоктугун билдирди

Мамасадыков чыр окуяга Ташиевдин тиешеси жана тууганчылыгы жоктугун билдирди

Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинде чыккан чыр тууралуу Нургазы Мамасадыковдун видеокайрылуусу социалдык тармактарга тарады. Анын айтымында, ал УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тууганчылыгы жок. Буга чейин таратылган маалымат чындыкка дал келбейт.

Буга чейинки УКМКнын жообу

Жогорудагы окуя боюнча УКМК 9-октябрда расмий билдирүү тараткан. Андагы маалыматта: «18-августка караган түнү Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинде официанттын денесине залал келтирип, качып кеткен адамдардын УКМКнын төрагасынын эч кандай тиешеси жок. «Туугандык байланышы бар» деген маалыматтар жалган. Камчыбек Ташиев бул ишке тийешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына жардам көрсөтүүнү тапшырды», — деп жазылган.

Белгилей кетсек, бул окуянын чоо-жайын Жалал-Абад ШИИБси иликтеп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.