БШК: «Журналисттер, блогерлер жыйыны Таласта жыйынтыкталды»

БШК: «Журналисттер, блогерлер жыйыны Таласта жыйынтыкталды»
Алдыда парламенттик шайлоо, ал 28-ноябрда өтөт. Шайлоодогу үгүт маалында журналисттер, блогерлер иштейт. Алар үчүн (мыйзамдарды сактоо тууралуу) атайын жыйындар бардык аймактарга уюштурулуп, Таласта жыйынтыкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 11-октябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда,  БШКнын маалымдоо жана үгүт иштери боюнча тобу көз каранды эмес журналисттердин өкүлдөрүнө, блогерлерге мониторинг учурунда фактчекинг ыкмаларын колдоно билүүнү, улуттар арасында кастыкты козутпоого жол бербөө тууралуу маалымат беришкен. Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна каршы активдүү чара көрүүгө, бузуулар тууралуу арыздарды ар бир шайлоо округундагы чара көрүүчү координациялык топторго жөнөтүүгө чакырышты.

Маалымат үчүн эске сала кетсек, быйылкы парламенттик шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

БШК билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда 36 округ бар. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер 18-октябрда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Парламенттик шайлоо 29-ноябрда өтөт…

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо былтыр, 4-октябрда өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси митингге чыгып, бийлик алмашууга алып келген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.