Талибдер митингди чагылдырган журналисттерге кол салышты

Талибдер митингди чагылдырган журналисттерге кол салышты

«Талибан» кыймылынын жоочулары Кабулдагы митингди чагылдырып жаткан журналисттерге кол салышты. Бул тууралуу чет элдик журналисттер жазып чыгышты.

Алардын маалыматына караганда, кечээ, 21-октябрда 20дай аял баш калаанын көчөлөрүнө («Иш, нан жана билим» ураандары менен) өз укуктарын талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Аны чагылдырып жаткан чет элдик журналистти жоочулардын бири тапанчасы менен чаап, тээп жиберген. Дагы бир башка жоочу журналистти бир муштаганын «Франц-пресс» агенттиги жазды. Дагы эки журналист жаракат алган.

«Талибдер аялдарды да, чет элдик, жергиликтүү журналисттерди да сыйлашпайт», — деди акциянын уюштуруучуларынын бири Захра Мухаммади. Азырынча «Талибан» кыймылы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, эл аралык коомчулук тааныган бийликти кулатып, августтун ортосунда өлкө башына келген «Талибан» кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сыйланарын билдирген. БУУ баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары талибдер өз убадаларына турбай, аялдарга иштөөгө, ал эми кыздарга билим алууга мүмкүнчүлүк бербей жатышканын айыптап келишет. Ошондой эле Ооганстандын жаңы бийлиги сөз эркиндигин чектеп жатканы үчүн сынга кабылып келет.

Ушул тапта Ооганстандагы 34 провинциянын бешөөндө гана кыздарга орто мектепке барууга уруксат берилген. Аялдардын көпчүлүгүнө жумушка барууга тыюу салынган.

Борбордук Азия жаңылыктар кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.