ВИДЕО — Жол эрежесин билген 5-класстын окуучулары диплом менен сыйланышты

ВИДЕО — Жол эрежесин билген 5-класстын окуучулары диплом менен сыйланышты

Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектебинин 5-класстагы окуучулары арасында “Жолдо жүрүүнүн эрежесин билесиңби?” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, сынак шаардык ЖКККБү жана Билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган. Алардын негизги максат жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган. Сынак үч этаптан туруп, жеңүүчү командалар диплом жана сыйлыктар менен сыйланышкан.
Мындай сынактарды камтыган иш-чаралар башка район-шаарларда дагы өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.