Чүй ОИИББ: «Жолдон күч колдонуп өспүрүм кызды зордуктаган адам кармалды»

Чүй ОИИББ: «Жолдон күч колдонуп өспүрүм кызды зордуктаган адам кармалды»

1990-жылы туулган адам жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 16 жаштагы кызга кол көтөрүү, зордуктоо тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Сокулуктагы өспүрүм кыздын атасынын арызында, 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө 5-декабрда эртең менен, Бишкек шаарына жумушка жеткирем деп, жолдон күч колдонуп зордуктаганы жазылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.